Биз менен байланышыңыз

«Раззаков» аэропортунун конуу тилкеси кеңейтилет

Кыска кабар | 10 Авг 2023 | 223 | 0

Лейлек районундагы «Раззаков» аэропортунун учакты кабыл алуу аянтчасы кеңейтилет. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун жетекчиси Манасбек Самидинов билдирди.

Ал өлкөнүн түштүгүнө жасаган иш сапарынын «Раззаков» аэропортун текшерип, жасалып жаткан жумуштарды көрүп, кызматкерлер менен жолуккан.

Учурда «Раззаков» аэропорту толук кандуу иштеп, «Тез Жет» авиакомпаниясы Бишкек-Раззаков-Бишкек багыты боюнча каттамдарды шейшемби, бейшемби, ишемби күндөрү жумасына 3 жолу аткарууда. Бул аба майданда учурда 1 гана учакты кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар, буга байланыштуу 3 учак туруучу жай кылып, чоңойтууга долбоор иштелип жатат», — деп билдирген Самидинов.

 Жакынкы мезгилде долбоор даярдалып бүткөн соң курулуш иштери башталат.

Ошондой эле, аэропорттун атайын техникалар боюнча да көйгөйү чечилип, атайын техникалар менен камсыз кылынган. Айтсак, учуп-конуу тилкесин тазалоого, аэропорттун аймагында чарбалык жумуштарды аткарууга атайын техника бөлүнүп берилди. Мындан тышкар атайын техникалар токтоочу жай да курулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM