Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги министрликтердин биринин имаратына уурулукка кирген 4 адам кармалды

Кыска кабар | 10 Авг 2023 | 332 | 0

Бишкектеги министрликтердин биринин имаратына уурулукка кирген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-августтан 8-августка караган түнү ИИМдин Күзөт кызматына Бишкек шаарында жайгашкан министрликтердин биринде кезметте турган милиционер телефон аркылуу чалып,  имараттын ичинде 3-4 (үч, төрт) чоочун адамдар жүргөнүн билдирген.

Ошол замат аталган мекемеге кармоо тобу  жөнөтүлүп, “Мерседес бенц” үлгүсүндөгү күмүш түстөгү  унаасы токтотулуп, багажында жыйылып турган министрликке тиешелүү чугун батареяларын уурдап алып кетип жаткан жеринен төрт  жаран кармалган. Алар 1973-жылы туулган Р.Г., 1991-жылы туулган А.А., 1990-жылы туулган Т.В., 1972-жылы туулган Ш.М.

Кармалгандар Бишкек шаарынын №-5 ШМБнын  ыкчам-иликтөө тобу чакырылып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM