Биз менен байланышыңыз

2022-жылы Кыргызстандан Орусияга бир миллионго жакын мигрант барган

Кыска кабар | 10 Авг 2023 | 189 | 0

2022-жылы Орусиянын аймагына ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жумуш издөө максатында 1 млн 700 миң адам келген. Анын дээрлик 1 миллионго жакыны Кыргызстандын жарандары. Мындай маалыматты Орусиянын экономика министрлиги өкмөткө караштуу аналитикалык борбордун маалыматына таянып берди.

ЕАЭБ алкагындагы бирдиктүү эмгек рыногу 2014-2015-жылдан бери иштеп келе жатат. Ага ылайык Орусияда иштеп жаткан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген мигранттар патент албай иштесе болот. Ошондой эле ЕАЭБ алкагына пенсия чегерүү да каралган.

Докладда айтылгандай, эмгек мигранттарынын көпчүлүгү курулуш, кызмат көрсөтүү (такси, коомдук тамактануучу жайлар), соода тармагында иштейт. Ал эми алардын акча которуулары айрым өлкөлөрдүн ИДПсынын төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Башкача айтканда 2022-жылы Кыргызстандын ИДПсынын 23,8%ын Орусиядан келген акча которуулар түзгөн.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM