Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Чүй проспектиндеги мыйзамсыз курулуштар буздурулду (сүрөт)

Кыска кабар | 10 Авг 2023 | 209 | 0

Бишкек шаарынын Чүй проспектисиндеги 271, 273 дарегинде жайгашкан уруксатсыз алты кошумча курулуш буздурулду.

Мэриядан билдиришкендей, жеринде башкармалыктын кызматкерлери Ленин районунун акимиатынын жана «Тазалык» МИнин кызматкерлери менен биргеликте иш алып барышкан.

Иштин жүрүшүндө жалпы 145,5 чарчы метрди түзгөн «мыйзамсыз» курулуштарды буздурулган.

Буга чейин, 2023-жылдын 15-майында башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотуулардан, ошондой эле КР мыйзамдарынын колдонуудагы нормаларын бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулмалардан бошотуу жөнүндө эскертүү кагазы берилген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM