Биз менен байланышыңыз

Башталгыч класстын 7 миңдей мугалими окутуудан өтүүдө

Кыска кабар | 10 Авг 2023 | 280 | 0

Башталгыч класстын 7 миң мугалими коррекциялык окутуунун ыкмалары боюнча тренингден өтүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окутуу Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында жүрүүдө.

2023-жылдын август айына карата Кыргызстан боюнча 1 миң 200 пилоттук мектептин 4 миң 200 мугалими кадимки жана онлайн режимде тренингден өтүштү.

Долбоордун алкагында октябрь айында бала бакча тарбиячыларынын квалификациясын жогорулатуу пландалууда. Өлкө боюнча 700 бала бакчанын тарбиячылары «Балалык» мектепке чейинки өнүктүрүү программасы боюнча окутуудан өтөт.

Белгилей кетсек, «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында 58 миң мугалим үчүн түрдүү багыттар боюнча окутуу уюштурулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM