Биз менен байланышыңыз

ТИМ Сергиев Посад шаарындагы жарылуу боюнча билдирүү таратты

Кыска кабар | 9 Авг 2023 | 263 | 0

Бүгүн, 9-августта Орусиянын Москва облусунун Сергиев Посад шаарындагы оптикалык өнөр жай ишканасында жарылуу болду.

Жарылуу боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.

«Орусия Федерациясынын компетенттүү органдарынан алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары катталган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Учурда жардыруу болгон жерде ыкчам кызматтар өрттү өчүрүүдө. Министрлик кырдаалга байкоо  жүргүзүүнү улантарын кошумчалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM