Биз менен байланышыңыз

Коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү коркуткан жарандар кармалды

Кыска кабар | 9 Авг 2023 | 681 | 0
Коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү коркуткан жарандардын өздүгү такталып, иликтөө иштери жүрүүдө.

Социалдык тармактарда коомдук транспорттун ичинде отурган белгисиз адамдар жүргүнчүлөрдү коркутуп жаткан видео тараган. Видеодо коркутуп жаткан жарандардын бири белгисиз нерселер менен куралданганын көрүүгө болот. Окуянын күбөлөрү маршруттук каттамдардын биринде смартфон уурдоого аракет кылган жигитти байкап калышкан. Ал дароо унаанын ичиндеги жүргүнчүлөрдү коркутуп кирген.

Бул факты Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын милиция бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Ыкчам-иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө Бишкек ШИИББдин ыкчам кызматкерлери дароо кылмышкерлердин изине түшүшүп, алардын өздүгү такталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.  Алар мурда бир нече жолу соттолушкан 1994-жылы туулган К.Ж жана 2005-жылы туулган А.Р. болуп чыкты.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM