Биз менен байланышыңыз

Орусияда мигранттар үчүн патенттин баасы 4 эсе кымбатташы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Авг 2023 | 448 | 0

Орусиянын мамлекеттик Думасына эмгек мигранттарына берилүүчү патенттин баасын төрт эсе көбөйтүү боюнча мыйзам долбоору келип түштү. Бул мыйзам долбоордун демилгечиси депутат Сергей Миронов.

Мыйзам долбооруна ылайык, чет элдик эмгек мигранттары иштөөгө уруксат алган патенттин баасына орточо 4800 рублга чейин кошулушу мүмкүн.

Думанын депутаттары муну менен Орусия аймагында иштеп жаткан мигранттарга байланыштуу бир топ көйгөйлөр чечилиши мүмкүн.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын аягында Орусияга эмгектенүү үчүн келген чет элдиктердин саны 3,47 миллионго жеткен. Орусиядагы эмгек мигранттарынын дээрлик 90%ы Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандары.

Учурда Кыргызстандын жарандары Орусияда эмгектенүүдө ЕАЭБдин шарттарына ылайык патент албайт. Ал эми Өзбекстан жана Тажикстандын жарандарына ай сайын патент алуу милдеттүү.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM