Биз менен байланышыңыз

Эми бардык жарандар Ысык-Көлдөгү пляждарга акысыз кирсе болот

Кыска кабар | 9 Авг 2023 | 236 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 2022-жылдын 13-майындагы “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди.

Жарлыкка бүгүн, 9-августта кол коюлду. Өзгөртүүнүн максаты Ысык-Көл көлүнүн пляж аймактарына эркин кирүүнү бардык жарандар үчүн камсыз кылуу максатында кол коюлду.
Өзгөртүүлөрдө бардык жарандарга Ысык-Көлдүн пляждык зоналарына эркин кирүү мүмкүндүгү каралган. Буга чейинки жарлыкта пляждык зоналарга жергиликтүү тургундар гана акысыз кире алат болчу. Эми Кыргызстандын бардык жарандары Ысык-Көлдөгү пляждарга акысыз кирсе болот.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM