Биз менен байланышыңыз

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 9 Авг 2023 | 405 | 0

Ири суммадагы акча каражатын алып жаткан учурунда К. Асанбектин (кримтөбөл Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү О.у.Н. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын пресс-борбору билдирди.

Кечээ, 8-августта УКМК тарабынан  «Опузалап талап кылуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, мурда үч жолу соттолгон, учурда Жазаларды аткаруу кызматынын №31- мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 1984-ж.т. Нарын облусунун тургуну О.у.Н. кармалды. Ал акыркы алты ай бою шантаж жана күч колдонуп зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен жабырлануучудан дайыма акча каражатын алып турган.

Кармалган О.у.Н. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM