Жалал-Абад облусунда жалпы 36 мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, быйыл жыл аягына чейин курулуп жаткан мектептердин 20сы пайдаланууга берилет.

Кечээ президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев Кыргызстан айылындагы №18 «Манас-1000» жалпы билим берүүчү орто мектебинин курулушу менен таанышкан.

Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, бул мектептин курулушу 2019-жылы башталып, аягына чыкпай келген. Бул жылы республикалык бюджеттен бүткөрүүгө керектүү каражат бөлүнүп, жумуш жанданган. Мектеп 275 орунга ылайыкташтырылууда.

Азыркы учурда имараттын чатыры жабылып, негизги жумуштар аяктаган. Облус башчысынын орун басары курулушка керектүү каражат ажыратылганын, сапатка өзгөчө көңүл буруп, иш ыргагын тездетүү үчүн кошумча жумушчу күч тартуу тапшырмасын берди.

Белгиленгендей, аталган мектепти ушул жылдын күз айларында пайдаланууга берүү пландалууда.