Биз менен байланышыңыз

Быйыл Нарын-Баетов унаа жолунун 36 чакырымы оңдолот

Кыска кабар | 9 Авг 2023 | 236 | 0

Быйыл Нарын — Баетов унаа жолун оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Министрлик берген маалыматка ылайык, учурда унаа жолдун 9-14-чакырым аралыгында жер иштери жүрүп, жол кеңейтилип, асфальт төшөөгө даярдалып жатат. Ал эми 115-120-чакырым аралыгында 1250 метр жабык дренаж жасалып, азыркы тапта түтүктөрдү орнотуу менен жолду таптоо жана кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Жол куруу иштерин «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы аткарышууда.

Нарын — Баетов унаа жолунун жалпы узундугу 120 чакырымды түзөт. Быйыл анын 36 чакырымын оңдоо каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM