Биз менен байланышыңыз

Жаңы Ак үйдүн курулушунда иштеп жаткан өзбек мигранты бийиктиктен кулап кетти

Кыска кабар | 8 Авг 2023 | 137 | 0

Бишкекте жаңы курулуп жаткан президенттик администрациянын имаратында иштеп жаткандардын бири бийиктен кулап түштү. Бул тууралуу маалыматты Тез жардам кызматына таянып, Борбор Азия жаңылыктары кызматы жазды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бийиктен кулаган жаран өзбекстандык. Ал учурда №4 оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилип, баш сөөгүнөн жаракат алганы айтылууда.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан кырсык 7-август күнү түштөн кийин болгонун билдиришкен. Бийиктиктен кулап түшкөн жумушчу Өзбекстандын 1993-жылы туулган жараны экени аныкталган.

Кырсык боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM