Биз менен байланышыңыз

Сел алган айылдарга өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Кыска кабар | 8 Авг 2023 | 238 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында табигый кырсыкка туш болгон айылдардын жашоочуларынан кабар алып, сел жүргөн аймактардагы иштин аткарылышын өз көзөмөлүнө алды.

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагында катталган селдин кесепетинен, түзүлгөн кырдаалды тактоо, адамдардын өмүрүн сактоо жана авариялык куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында Талды-Суу, Корумду, Көөчү айылдарында «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилди.

Аталган айылдарда жалпысынан алганда болжол менен 92 турак үйдүн короосун, жертөлөсүн жана ички чарбалык жолдорун, айдоо талааларын каптаган.

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга 249 адам тартылып, анын 103ү куткаруучулар. Таң эрте куткаруучулар 5 топко бөлүнүп иштешүүдө. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы материалдык чыгымдарды, зыян тарткан үйлөрдү тактоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM