Биз менен байланышыңыз

Жарым жылда 269 адам жол кырсыгынан каза болду

Кыска кабар | 8 Авг 2023 | 191 | 0

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын берген маалыматы боюнча январь-июнунда республиканын аймагында үч миңге жакын жол-транспорт кырсыктары катталган. Өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу мындай окуялардын саны 1,3 пайызга азайды.

Алардын эң көп үлүшү Бишкек шаары (45 пайызы), Чүй (19 пайызы) жана Ош облустарына (10 пайызы) туура келди. Жол-транспорт кырсыктарынан 4,4 миң адам жабыр тартты, бул 2022-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 5 пайызга аз, каза болгондор — 269 адам же 8,5 пайызга көп болду.

Балдардын катышуусу менен болгон 820 жол-транспорт кырсыктары катталган, бул өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 2,2 пайызга көп. Натыйжада 38 бала каза
болуп, 981 бала жабыр тартты.

Алкоголь ичимдигин ичип, мас абалында унаа айдаган айдоочулардын катышуусу менен болгон 153 жол-транспорт кырсыктары катталган, бул өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 17 пайызга аз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM