Биз менен байланышыңыз

Ош: Дарыгер канцелярдык мык жутуп алган баланын өмүрүн сактап калды (сүрөт)

Кыска кабар | 8 Авг 2023 | 116 | 0

Ош облусттар аралык балдар клиникалык ооруканасы канцелярдык мык жутуп алган баланын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта облустук балдар ооруканасына учтуу зат жутуп алган 10 жашар баланы алып келишкени айтылат. Бала оң өпкөсүнөн жабыркап, канцелярдык мык бронхага сайылып калган. Оор абалда калган балага тезинен жардам көрсөтүлүп, аман алып калышты.

Оор операцияны анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн бөлүм башчысы, дарыгер Кочкорбай уулу Семетей жасаган. Дарыгер мындай абалдар акыркы күндөрү көп катталганын айтып, ата-энелерди балдардын ден соолугуна, өмүрүнө этият болууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM