Биз менен байланышыңыз

Ошто 39 мечиттин жана 21 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду (сүрөт)

Кыска кабар | 8 Авг 2023 | 1300 | 1

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети түзгөн мекемелер аралык топ Ош облусунун аймагындагы диний жайлардын ишмердүүлүгүн текшерүүдө.

Текшерүү 20-июлда башталып, жыйынтыгында “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузгандыгы, архитектуралык-курулуш, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн 48 мечитке, 40 диний окуу жайга карата талаптар, актылар түзүлүп, көрсөтмөлөр берилген

«15 факты боюнча материалдар ББРга (9 мечитке, 6 диний билим берүү мекемесине) катталды, 7 материал МКЖ АМСга каттоого алынды. 39 мечиттин жана 21 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Толтурулган протоколдордун негизинде 39 диний жана сыйынуу жайларына айып пул салынды. Христиандык багыттагы 18 диний объектинин иши текшерилди”,- деп айтылат маалыматта.

Мындай текшерүүлөр “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын” ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында диний экстремизм идеологиясынын жана салттуу эмес диний агымдардын жайылышына каршы туруу, ошондой эле Ош облусунда диний кырдаалды жакшыртуу максатында уюуштурулган.

Белгиленген архитектуралык-курулуш нормаларын бузуу менен курулгандыгы үчүн (“кызыл сызыкта” турган) 39 мечит каттоого алынбай турганы жана тиешелүү документтери жок экени аныкталды.

1 пикир

1 пикир

  1. Турарбек Касымов

    08.08.2023 18:22

    Чын чынына келгенде байкуш кыргыздар аша чаап диндешип кетти.Бир молдосу бирди айтса башкас бирди айтып дегендей .Негизи эле ата бабабыз колдонуп келген салттуу динди эле тутунуш керек ашыкча арапташпай.Т

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM