Биз менен байланышыңыз

Молдо Нияздын чыгармачылыгын изилдеген беш китептин бет ачары болду

Кыска кабар | 8 Авг 2023 | 411 | 0

Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына карата, беш китептин бет ачары болду.

“Арадан эки кылым өтсө дагы, көөнөрбөйт Молдо Нияз мурастары” ураанынын астында өткөн иш чара Кадамжай шаарынын борбордук стадионунда уюштурулду.
Агартуучу, ойчул, философ Молдо Нияздын эмгектерин түбөлүк сактап калуу жана жайылтуу максатындагы уюштурулган иш-чара “Китеп — дүйнөнү жарык кылат” деп аталды.
Иш чарага Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Молдо Нияздын 200 жылдык мааракесин республикалык денгээлде уюштуруу тобунун жетекчиси Нышанбек Кочкоров, «Мурас» фондунун жетекчиси, тарыхчы Кыяс Молдокасымов, жарык көргөн китептердин авторлору катышты.
Иш чара Баткен облустук Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын артисттери тарабынан даярдалган сахналаштырылган көрүнүш менен башталды.
Салтанаттуу аземде китептердин авторлору, китептердин маани маңызы, максаты жөнүндө кеңири айтып беришти.
Белгилей кетсек, улуу инсандын 200 жылдыгына карата беш китеп жазылып, басылып чыкты. Алар:
— Педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратовдун “Молдо Нияз алгачкы агартуучу” китеби;
— Журналист Адылжан Жажановдун “Молдо Нияз алгачкы агартуучу, ойчул жана жазгыч акын” китеби;
-Акын, жазуучу, тарыхчы жана публицист Муса Сапаевдин “Молдо Нияз Улуттук татыктуулук үчүн күрөш” китеби;
-Педагогика илимдеринин доктору, профессор, Ош педагогикалык гуманитардык институтунун ректору Бекмурза Зулуев жана Педагогика илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти Мисирали Колдошовдун “Молдо Нияз алгачкы агартуучу” китеби;
-Түркология илимдеринин доктору Гулзада Нармаматова, Молдо Нияз боюнча докторлук илимин жактаган. “Санат дигарасттар” китебинин түрк тилине которгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM