Биз менен байланышыңыз

“Торугарт” жана “Иркештам” өткөрүү жайларынын иштөө саатына өзгөртүү киргизилди

Кыска кабар | 7 Авг 2023 | 127 | 0

Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2023-жылдын 06-августунан баштап кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында жайгашкан өткөрүү пункттарынын ишмердүүлүгүнө айрым өзгөрүүлөр киргизилгендигин маалымдайт.

“Торугарт-автожол” жана “Иркештам-автожол” өткөрүү жайлары бир жумада 7 күн, саат 08.00дон 20.00го чейин иштеп башташты.   

Жуманын бардык күндөрү жогоруда аталган өткөрүү жайлары жүк ташуучу транспорт каражаттарын өткөрөт, ал эми дүйшөмбүдөн жумага чейин (эс алуу күндөрүнөн тышкары) туристтерди жана башка жарандарды жөө жана жеңил автоунаа менен өткөрөт.

Ишемби жана жекшемби күндөрү өткөрүү жайлары аркылуу жүк ташуучу траспорт каражаттары  гана өтө алышат.

Эскерте кетсек, Кытайга кирүү үчүн жалпы чет элдик паспорту бар жарандар виза ачтыруулары керек.

Өткөрүү жайлары мындай режимде 2023-жылдын 30-сентябрын кошуп эсептегенге чейин иштемекчи.  

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы мамлекеттик чек араны кесип өтүү боюнча бардык суроолор  менен жарандар +996 312 88 16 18 телефон номерине кайрыла алышаарын эскертет.                                       

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM