Биз менен байланышыңыз

Эл аралык кыргыз-казак кош байге айтышына катышуу үчүн 8 акын тандалды

Кыска кабар | 7 Авг 2023 | 1069 | 0

Эгемендүүлүк күнүнө карата жана алгачкы агартуучу, ойчул, жазгыч акын Молдо Нияз Эрназар уулуну 200 жылдыгына арналган салтка айланган эл аралык кыргыз-казак кош байге айтышы үчүн 8 акын тандалып алынды.

Алар :

1-Азамат Болгонбаев 70 упай
2- Кубат Тукешов 70 упай
3- Кутман Садыбакасов 70 упай
4-Акмат Султан уулу — 69 упай
5-Асылбек Маратов — 69 упай
6-Баян Акматов — 69 упай
7-Изат Айдаркулова -69 упай
8- Чыңгызхан Кожошов 68 упай
Жалпысынан Республика боюнча тандоо турга 37 төкмө акын катышты. Чыңгызхан Кожошов, Тынарбек Бураев жана Элмирбек Иманалиевтердин упайлары тең чыгып, айтыштын жобосу боюнча жашы улуусу кийинки турга жолдомо алды.

Калыстар сынынан өткөн 8 кыргыз акыны 30-31-августта Ош шаарындагы С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында саат 18:00дө Казакстан, Өзбекстан, Монголия Республикаларынан келген төкмө акындар менен айтыш курушат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM