Биз менен байланышыңыз

Болот Абдрахманов “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин директору болуп дайындалды

Кыска кабар | 7 Авг 2023 | 409 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Болот Абдрахманов “Ата-Бейит” улуттук тарыхый мемориалдык комплексинин директору болуп дайындалды.

Жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка министрдин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу тааныштырып, алдыдагы иштерине албан ийгиликтерди каалады.

Абдрахманов Болотбек Жумашевич Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында туулган.

Жогорку билимдүү, 1975 – жылдан 1980-жылга чейин Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтунун механикалык факультетин аяктаган;

1987-жылы Москва шаарындагы СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Дзержинский атындагы жогорку мектебинде билим алган.

Ж. Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу факультетин бүтүргөн, тарых илимдеринин доктору;

Болот Абдрахманов репрессиянын курмандыгы болуп, кыргыз залкарларынын сөөгү көмүлгөн азыркы «Ата-Бейит» улуттук тарыхый мемориалдык комплексин тарыхый жайга айландырууга салым кошкон, тарых жараткан инсандардын бири.

Эмгек жолу:

1982-жылдан 1984-жылга чейин Автотехкызмат системасында инженер;

1984-1985-жылдары — Фрунзе шаарындагы Кыргызстан Октябрь ЛКСМ РК 2-катчысы;

1985-жылдан 1987 – жылга чейин Москва шаарындагы Дзержинский атындагы СССР КГБнын Жогорку мектебинин угуучусу;

1987-жылдан 2006-жылдын январына чейин-Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы;

1994-1998-жылдары – Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук кызматынын маалымат-аналитикалык борборунун начальниги;

1998 – жылдан 2002-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук кызматынын Ысык-Көл, 2002-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын башчысы;

— 2010-жылдын майынан 2011 – жылдын январына чейин-Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору.

— 2017-жылдын сентябрынан 2018-жылга чейин И. Арабаев атындагы КМУда доценттин милдетин аткаруучу;

— 2019-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде илимий кызматкер болуп эмгектенген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM