Биз менен байланышыңыз

9-августта Арча-Бешиктин бир бөлүгүндө убактылуу суу өчүрүлөт

Кыска кабар | 7 Авг 2023 | 159 | 0

9-августта саат 10.00дөн 18.00гө чейин Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушунда турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү суу убактылуу токтотулат.

Өчүрүү району Жайыл Баатыр көчөсү — Садырбаев көчөсү — Абдрахманов көчөсү — Шералиев көчөсү менен чектешкен. Аталган тилкеде оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө, диаметри 200 мм болгон сууну айландырып өтүүчү туташтыргыч орнотууга жана диаметри 100 мм болгон бурама тээк алмаштырууга байланыштуу муздак суу берүү убактылуу токтотулат.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM