Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы жаңы конуштарда бала бакча куруу үчүн өнөктөштөрдү чакырат

Кыска кабар | 7 Авг 2023 | 179 | 0

Бишкек мэриясы «Мектепке чейинки мекемелерди куруу» долбоорун ишке ашыруу үчүн өнөктөштөрдү чакырат.

Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 16-майындагы №91-б. буйругу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында бала бакчаларын долбоорлоо жана куруу үчүн жер тилкелери аныкталган.

Долбоор мектепке чейинки билим берүүнүн сапаттуу заманбап кызматтарын көрсөтүү менен жаңы бала бакчаларды түзүүнү болжолдойт. Мектепке чейинки балдар мекемелеринин курулушу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин стандарттуу кызматтарын гана сунуштабастан, эрте өнүктүрүү, мектепке даярдоо жана башкалар боюнча кызматтарды да ишке ашырат. Жеке өнөктөш менен түзүлгөн келишим аяктагандан кийин бала бакчалар Бишкек шаарынын мэриясынын балансына кайтарылып берилет.

Буйрукка ылайык жер тилкелер Бишкек шаарынын жаңы конуштарында жайгашкан. Алардын экөөсү боюнча долбоорду ишке ашырууга кызыкдар тараптар изделүүдө:

Арча-Бешик конушу-Садыбакасов-Кызыл-Адыр көчөлөрүндөгү жер тилкенин аянты — 0,28 га.

Кара-Жыгач конушу-Кара-Жыгач-Исакеев көчөлөрүндөгү жер тилкенин аянты 0,34 га.

Кошумча маалымат үчүн телефондор: 0312660946,0312660829, e-mail: dei@meria.kg.

Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин дареги: Бишкек ш., көч. Жибек Жолу 328.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM