Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Кулябтагы ири жол кырсыгында жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок

Кыска кабар | 7 Авг 2023 | 293 | 0

Кечээ, 6-августта кечки саат 19:30да Тажикстандын «Душанбе-Куляб-Хорог» унаа жолунда Куляб шаарынын аймагында ири жол кырсыгы катталды. «Дулон» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа тормоз системасынын иштен чыгышынан улам бир нече жеңил унааларды жана эки турак жайды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 13төн ашуун адам каза болуп, 20дан ашык адам жаракат алган. Так саны такталууда.

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун тапшырмасы менен окуя болгон жерге ички иштер, иаламаттыкты сактоо министри, Хатлон облусунун башчысы жана башка расмий адамдар жетип барышкан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча каза болгон жана жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM