Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБ өлкөлөрү арасында пенсия чегерүүлөр ишке аша баштады

Кыска кабар | 7 Авг 2023 | 230 | 0

ЕАЭБдин  макулдашуусунун алкагында пенсия чектөөлөр ишке аша баштады. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык биримдигине мүчө (ЕАЭБ) мамлекеттер менен биргеликте Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан 2019-жылдын 20-декабрындагы Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген.

Макулдашууга ылайык, ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагында эмгек же башка ишмердик кылуу аркылуу пенсиялык укуктары корголуусу каралган. азыр Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Армениянын жана Беларусиянын жарандары ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеген учурларда социалдык фондго акча төлөгөн учурда ага пенсия катары чегерилип жатат.

Учурда Кыргызстандын Социалдык фонду тарабынан 44 жаранга пенсия чектелди. Анын 36сы Орусиянын, 7си Казакстандын жарандары жана Беларусь мамлекетинин 1 жаранына пенсия чегерилип берилген.

Ошондой эле Орусия Кыргызстандын 17 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектеди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM