Биз менен байланышыңыз

Ош шаарынын мэри өзүнө жаңы кеңешчи дайындады

Кыска кабар | 7 Авг 2023 | 830 | 0

Салтанат Аманова Ош шаарынын мэринин кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кол койду.

Салтанат Аманова буга чейин Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Андан кийин 2021-жылы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалган.

Билими — Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинин бүтүрүүчүсү. Учурда 48 жашта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM