Биз менен байланышыңыз

Бостериде 23 жаштагы жарандын өлүмү боюнча ишти президент жеке көзөмөлүнө алды

Кыска кабар | 7 Авг 2023 | 2498 | 0

Президент Садыр Жапаров коомчулукта резонанс жараткан, Ысык-Көл облусунун Бостери айылында болгон 23 жаштагы жарандын өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Маалыматта айтылгандай, президент укук коргоо органдарына окуянын чоо-жайын ар тараптуу жана объективдүү иликтөө тапшырмасы берген.

Белгилей кетсек, социалдык тармакта каза болгон жарандын бир тууганы жана достору президентке кайрылуу жасап, анын өлүмүн так иликтенишин талап кылган. Алардын айтымында, Таластын 23 жаштагы тургуну Бостеридеги «Золотые пески» эс алуу жайында ур-токмокко кабылган.

Окуяга байланыштуу облустук милиция үн катып, жагдай боюнча өз версиянын билдирди. Маалыматка ылайык, 6-августта болжол менен саат 05:10до Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт кызматына окуя тууралуу билдирүү түшкөн.

«Алгачкы сырткы кароонун жүрүшүндө жигиттин денесинде кандайдыр бир криминалдык тактар байкалган эмес. Күбөлөрдүн айтуусуна караганда, каза болгон жаран 5-августта жубайы жана классташтары менен Бостериге эс алганы келген», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Классташтарынын биринин айтымында, болжол менен саат 23:30 чамаларында каза болгон жаран жана дагы бир классташы менен көл жээгинде жайгашкан барда эс алып жатышкан. Эс алуу учурунда А.Б. белгисиз жарандар менен менен чатакташа кеткен. Бир нече убакыт өткөндөн кийин бардын ылдый жагынан эс-учун жоготкон абалда табылган.

Жардамга келген эс алуучулардын бири өзүн медициналык адис катары тааныштырып, жабырлануучуга жардам көрсөтө баштаган. Милиция кызматкерлери тарабынан аталган жарандын өздүгү аныкталган. Ал Ош облусунун тургуну, 23 жаштагы У. К. болуп чыкты.

Анын айтымында, саат 05:00 чамаларында көл жээгинде сейилдеп жүрүп, жардам сураган кыйкырыктарды уккан. Ал жерге чуркап келип, эс-учун жоготкон жигитти көрүп, дароо биринчи жардам көрсөтө баштаган. Жардам берип жатып, ал жабырлануучу тилин жутуп алганын байкаган жана тилин чыгаруу үчүн жабырлануучунун жаагын ача баштаган. Бул учурда тез жардамдын кызматкерлери келип, жардам көрсөтүүнү улантышкан. Бирок натыйжа болгон эмес.

Талас облусунун тургунунун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM