Биз менен байланышыңыз

Песков: Келерки жылы Путин 90% менен кайра шайланышы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Авг 2023 | 307 | 0

Орусия президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоо тууралуу комментарий берди.

Дмитрий Песков The New York Times гезитине маек берип, анын үзүндүлөрү 6-августта жарыкка чыкты. Анда Песков 2024-жылы Орусияда өтө турган президенттик шайлоо тууралуу суроолорго да жооп берип: «Биздеги президенттик шайлоо — демократиянын так өзү деп айта албайм. Бул кымбатка турган бюрократия. Путин мырза келерки жылкы шайлоодо 90% добуш менен кайра шайланышы мүмкүн», — деп айткан.

Ошондой эле Песков Орусия менен Украина ортосунда сөз болуп жаткан тынчтык келишими тууралуу да пикирин айтып, мындай келишим түзүүгө эч кандай негиз жоктугун жана Орусия «жакынкы келечекте» аскердик жүрүштөрүн улантарын билдирген.

Песков ошондой эле Орусия азыр ээлеп турган аймактардан сырткары Украинанын башка аймактарын тартып алуу планы жок экенин да кошумчалаган. «Биз Конституцияга киргизилген бардык жерлерибизди өзүбүздүкүндөй коргоп беребиз», — деп айткан.

Белгилей кетсек, Орусия учурда Украинанын Донецк, Луганск, Херсон жана Запоржья аймактарын өзүнүн курамына аннексиялап алган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM