Биз менен байланышыңыз

Жиддада өткөн Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүндө эки маселе боюнча макулдашылды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Авг 2023 | 520 | 0
Владимир Зеленскийдин Жидда шаарындагы иш сапары. 2023, май

Сауд Арабиянын Жидда шаарында өткөн Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүндө эки маселе боюнча келишимге жетишти, — деп жазган Corriere della Sera басылмасы.

Италиялык басылма жеке булактарына таянып, Киев сунуштап жаткан тынчтыкты орнотуу жол картасы боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн жазат. Ошондой өлкөлөрдүн лидерлеринин жолугушуу датасы боюнча да бир пикирге келишип, дата болжолдуу такталган. Италиялык гезит жазгандай, өлкө жетекчилери катышкан саммит жыл аягына чейин уюштурулушу мүмкүн.

Жидда шаарында өткөн жолугушууда катышуучулар Украинанын аймактык бүтүндүгүн бир добуштан колдоп, Киев менен Москва ортосундагы тынчтык келишими БУУнун конвенцияларына ылайык түзүлүшү керек деп эсептейт. Тактап айтканда, 199-жылдагы чек ара келишиминдеги документке таянып, Орусия Украинанын аймагындагы бардык кошундарын алып чыгып кетүүсү зарыл деп белгиленген.

Сауд Арабияда 5-6-август күндөрү Украина боюнча эки күндүк кеңешме болуп өттү. Анда коопсуздук боюнча кеңешчилер жана 30дан ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Бул жолугушууга Орусия чакырылган эмес.

Бразилия Жиддадагы Украина боюнча сүйлөшүүлөргө Орусияны да катышууга чакырды. Бразилиянын президентинин кеңешчиси Селсу Аморим Украина менен Орусия ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө эки тараптын тең өкүлдөрү катышуусу керек деп билдирген.

Бул жолугушууга Европа өлкөлөрү, Кытай, Бразилия, Индия, Египеттин да өкүлдөрү катышты.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM