Биз менен байланышыңыз

«Кумтөр» ишканасы кирешесинин азайганы тууралуу маалыматты төгүндөдү

Кыска кабар | 7 Авг 2023 | 309 | 0

«Кумтөр» ишканасы алардын кирешеси азайды делген маалыматтар тууралуу билдирүү таратты.

Билдирүүдө: «Акыркы убакыттарда айрым ММК булактары “Кумтөр” алтын кени боюнча туура эмес, чындыкка дал келбеген, такталбаган, бир тараптуу маалыматтарды маал-маалы менен таратып жатканы байкалууда. Алардын чыгарган маалыматтарына таянсак, “Кумтөр” ишканасы 2023-жылы мамлекетке пайда алып келбей, тескерисинче артка кетти дешүүдө.

Бул чындыкка дал келбеген маалыматтар боюнча “Кумтөр Голд Компани” — ишкана бир да кадам артка кеткен жок деп ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү айта алат», — деп жазылат.

Компаниянын айтымында, «Кумтөр» соңку жылдары тескерисинче, мамлекеттин казынасына баардык салыктар менен төлөмдөрдү берип, 2023-жылдын 6 ай ичинде 101,2 млн АКШ доллар өлчөмүндө таза кирише таап, андан тышкары 1 жылдын ичинде үлүштүк кирешесинин көлөмүн (дивиденд) 140 млн АКШ долларына жеткирип, ишин ийгиликтүү улантууда.

Ошондой эле, буга чейинки “Кумтөр Голд Компанинин” 28 жылдык тарыхында мамлекет болгону 100 млн АКШ долларынын тегерегинде гана дивиденд алган болчу, — деп жазган компания.

Өткөн айда ишкананын башчысы Алмаз Барктабасов жарым жылда баасы 341 миллион доллардан ашкан 5,5 тоннага жакын алтын өндүрүлгөнүн билдирген. Буга чейин быйыл компанияга 14 тонна алтын чыгаруу планы коюлганы айтылган.

Экономика жана коммерция министрлиги быйылкы жарым жылдыкта Кумтөр кенинде негизги металлдарды өндүрүүнүн көлөмү кыскарганын, кендин курамында алтындын көлөмү азыраак чыгып жатканын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM