Connect with us

«Үй-бүлөгө көмөк» программасы: 104 үй-бүлөгө 100 миң сомдон тапшырылды

Кыска кабар | 4 Авг 2023 | 298 | 0

Бишкек мэриясы «Үй-бүлөгө көмөк» программасынын катышуучуларына сертификаттарды тапшырды.

Бишкек шаарынын мэриясынын убактылуу комиссиясынын отурумунун жыйынтыгы боюнча социалдык контракт түзүү үчүн 104 арыз жактырылган. Анда ар бир үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди.
Катышуучулардын берилген бизнес-пландарына ылайык тигүү жабдууларын сатып алууга, соода ишин уюштурууга, кызматтарды көрсөтүүгө, кондитердик азыктарды даярдоого жана жаңы технологияларды киргизүүгө багытталган.
Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам программасы мазмунуна жараша үч жылга дайындалат.
Белгилей кетсек, борбордогу акимиаттарда долбоорлорду тандоо үчүн Социалдык маселелер боюнча комиссиялар түзүлүп, үй-бүлөлөрдүн бизнес-пландарын тандап жана баа беришкен. Социалдык контрактты түзүү укугу жашаган жери боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул алуучуларга таандык.

Маалымат: Жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, аларды турмуштук оор кырдаалдан чыгуу боюнча активдүү аракеттерге шыктандыруу максатында үй-бүлөлөрдү колдоо жана чакан бизнести өнүктүрүүгө дем берүү механизми бекитилген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM