Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Түркиянын Ван аймагына кыргыз тили мугалимин жиберүү маселеси талкууланды

Кыска кабар | 4 Авг 2023 | 190 | 0

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын луттук билим берүү министри Юсуф Текин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Түркиянын Ван провинциясынын Улуу Памир айылына Кыргызстандан кыргыз тили жана адабияты, музыка жана элдик кол өнөрчүлүк мугалимдерин жиберүү маселеси өзүнчө талкууланган.

Андан сырткары элчи Руслан Казакбаев Түркиянын «Маариф» фондунун Кыргызстандагы билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгүн оң белгилеп, өлкөнүн бардык аймактарында кошумча мектептердин ачылышына ишенимин билдирген. Ошондой эле, кыргыз тарап кыргыз-түрк кесиптик лицейлерин ачууга да кызыкдар экенин да белгилеген.

Түркиянын билим берүү министри Юсуф Текин билим берүү тармагындагы биргелешкен долбоорлорду алдыга жылдырууга кызыктар экенин айтып, түрк тарап кыргыз тарап сунуштаган маселелерди иликтөөгө даяр экенин билдирген.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакынкы аралыкта министрликтердин жетекчилеринин Кыргызстан менен Түркияга өз ара иш сапарларын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM