Биз менен байланышыңыз

“Самарканд-Тамчы-Ош-Ташкент” багыты боюнча сезондук авиакаттамдарды ачуу талкууланды

Кыска кабар | 4 Авг 2023 | 300 | 0

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси  Муса Жаманбаевдин “Uzbekistan Airways” АК башкармалыгынын төрагасы Худайкулов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандык авиация тармагынын учурдагы актуалдуу маселелерин жана перспективдүү багыттарын талкуулашты. Өлкөлөр ортосундагы учуулардын географиясын кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн улуттук авиаташуучулары тарабынан учууларды аткаруунун жыштыгын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Эки өлкөнүн жана чет өлкөлөрдүн туристтеринин чоң кызыгуусун эске алуу менен өзбек тарапка “Самарканд-Тамчы-Ош-Ташкент” багыты боюнча жаңы сезондук авиакаттамдарды карап чыгуу жана апробациялоо сунушталды.

Өз кезегинде “Uzbekistan Airways” жетекчилиги “Ташкент-Бишкек-Ташкент” багыты боюнча авиакаттамдарды көбөйтүү планын белгиледи. Тараптар авиакаттамдардын көбөйүшү туристтик чөйрөгө оң таасирин тийгизет деген пикирге келишти.

Ошондой эле жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап туристтик операторлор менен активдүү иш алып баруу боюнча макулдашууга жетишишти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM