Биз менен байланышыңыз

Бишкекте топчу, электроника, темир-мык, панель өндүргөн төрт ишкана ачылат

Кыска кабар | 4 Авг 2023 | 542 | 0

«Бишкек машина куруу заводу» ачык акционердик коому жана «Бишкек штамптоочу заводу» мамлекеттик ишканасынын (В.И.Ленин атындагы завод) базасында жаңы өндүрүш мекемелерин түзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган эки заводдун базасында «Кыргыз бетон курулуш», «Кыргыз топчу», «Кыргыз электроника», «Кыргыз темир мык» ишканалары ушул жылдын сентябрь айынан тартып толук көлөмдө өз ишин баштайт.

«Кыргыз бетон курулуш» ишканасы жаңы жабдыктар менен камтылып, анда үйлөрдү бат куруучу панелдер жасалат. Жабдыктарды орнотуу иштерин Италиянын адистери жасаган. Аталган ишкана толук ишке кирсе ички рынокту да камсыздап, экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгү да каралган.

Ишканаларды каржылоо маселеси кыргыз-орус, кыргыз-өзбек, кыргыз-венгер, кыргыз-азербайжан өнүктүрүү фонддорунун, мамлекеттик банктардын катышуусу менен ишке ашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM