Биз менен байланышыңыз

Окумуштуу Айсалкын Асанова ааламдан өттү

Без рубрики | 4 Авг 2023 | 101 | 0

Кыргызстандын билим берүү жана илим тармагы оор жоготууга учурады. Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, көрүнүктүү окумуштуу Айсалкын Асанова 3-августта узакка созулган оорудан кийин 77 жашында дүйнөдөн кайтты.

Айсалкын Асанова 1945-жылы 26-декабрда Жети-Өгүз районундагы Тамга айылында туулган. Москвадагы Жеңил өнөр жай технологиялык институтун 1968-жылы артыкчылык диплому менен бүтүргөн.  1990-жылы  М.В.Ломоносов  атындагы Москва мамлекеттики универстетинде докторлук диссертациясын жактап, экономика илимдеринин доктору илимий даражасын алган.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде ага окутуучу, доцент, профессору болгон. 2000-жылы Россиядагы  Педагогикалык-социалдык  илимий  академиясынын академиги болуп шайланган.

Илим жаатындагы ишмердигинде 10дон ашык илимдин кандидатын, 3 илимдин докторун чыгарган.

Айсалкын Асанова– 160 ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 10 китептин, 4 монографиянын жана илимий макаланын автору.

Айсалкын Асанованын илимий изилдөөлөрү Бишкекте, Москвада, Сеулда, Андонгдо (Корея Республикасы) Кожаели  (Түркия), АКШ (Оклахома штаты, Норман Университети), Йель университетинде, Коннектикут штатындагы университетте (АКШ), Алматыдагы Эл аралык бизнес университетинде (UIB), Синьцзян педагогикалык университетинде, Вена университетинде (Австрия), Севилья (Испания), Индонезияда  жарык көрдү.

Айсалкын Асанова билим берүү жана илим тармагындагы үзүрлүү эмгеги үчүн төмөнкүдөй наамдарга арзыган:

  • «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы, Москва ш. 1979-ж;
  • «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» 1996-ж.;
  • КР Билим берүү министрлигинин Ардак грамоталары менен 1981, 1984-ж.;
  • Ж. Баласагын атындагы КУУнун эмгек сиңирген ишмери 2010-ж.;
  • Кыргыз Республикасынын илимине эмгек синирген ишмер  2010-ж.;
  • КУУнун ардагери 2013-ж.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM