Биз менен байланышыңыз

Оштогу автобекет мэриянын карамагына өттү (сүрөт)

Кыска кабар | 4 Авг 2023 | 282 | 0

Ош шаарындагы автобекет мэриянын карамагына өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Шаар мэри тиешелүү кызматтарга бекеттин аймагын асфальттоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жумуштарды баштоону, ушул жылдын сентябрь айына чейин бүткөрүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, автобекет министрлер кабинетинин токтомуна ылайык Ош мэриясынын карамагына өттү. Имарат буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM