Биз менен байланышыңыз

Арча-бешик конушунда 180 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап калды

Кыска кабар | 3 Авг 2023 | 464 | 0

Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда 180 орундуу, 2 кабаттуу бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Учурда курулуш иштери 90% бүтүп, жерди көрктөндүрүү иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Ошондой эле Ленин районундагы №26 бала бакчанын кошумча имаратынын курулушу да жүрүп жатат. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга ылайыкталган. Имарат эки кабаттуу, жер төлөсү жок. Имараттын жалпы аянты 1442 чарчы метрди түзөт.

Имаратта кийим-кече, оюн бөлмөсү, кампа, уктоочу бөлмө, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, кызматкерлер үчүн бөлмө, ашкана, изоляциялык бөлмө, тазалоочу шаймандарды сактоочу жай, спорт зал жана музыка бөлмөсү каралган.

Учурда 2-кабаттын кирпичтерин төшөө жана балдар аянтчаларын куруу иштери жүрүп жатат.

Бул иштер Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM