Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев беш айда 200 миң кишини жакырчылыктан чыгарууну тапшырды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Авг 2023 | 418 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2-августта Ташкент облусуна жасаган иш сапарынын жүрүшүндө жыл аягына чейин 200 миң адамды жакырчылыктан чыгарууну тапшырды.

Анын айтымында, бул жакырчылыктын деңгээлин 14 пайыздан 12 пайызга чейин кыскартууга өбөлгө болот.

Президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдиргендей, жыйында 500 миң адамды үй шартында ишке тартуу боюнча чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Жыл аягына чейин 200 миң адамдын тизмесин бекитип, аларды кирешелүү кесиптерге жана ишкердикке үйрөтүү милдети коюлду.

Мирзиёев быйыл 27-апрелде Ташкентте өткөн Экинчи инвестициялык форумда Өзбекстанда былтыр 1 миллион адам кедейчиликтен чыгып, жакырчылыктын деңгээли 17 пайыздан 14 пайызга төмөндөгөнүн билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM