Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы кадрлар резервине конкурс жарыялайт

Кыска кабар | 3 Авг 2023 | 1874 | 0

Мамлекеттик салык кызматы ведомствонун кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт. Документтер 9-август саат 18.00гө чейин кабыл алынат.

Конкурс административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже топтору үчүн резерв түзүүнү болжолдойт. Резерв бир нече блоктон турат, анда жогорку билим профилине, иш стажына жана ар бир блокко карата тиешелүү чөйрөдө көндүмдөрдүн жана жөндөмдөрдүн болушуна талаптар коюлат.

Салык кызматынын кадрлар резервине кирүү үчүн ачык конкурска катышууну каалагандар талап кылынган документтерди тапшырып, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен негизги жана предметтик мыйзамдарды билүү, ошондой эле талапкердин кесиптик маанилүү инсандык сапаттарын аныктоо үчүн компьютердик тестирлөөдөн өтүшөт.

Тестирлөө этабында тийиштүү балл топтогондор Салык кызматынын конкурстук комиссиясына аңгемелешүүгө киргизилет. Конкурстун бардык этаптарынан ийгиликтүү өткөн талапкерлер Мамлекеттик салык кызматынын кадрлар резервине киргизилет.

Толук маалымат, анын ичинде ченемдик укуктук актылардын тизмеси, квалификациялык талаптар, керектүү документтер, документтерди кабыл алуу үчүн даректер www.sti.gov.kg сайтына (Бош орундар бөлүгү) жайгаштырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM