Биз менен байланышыңыз

Элчилик кыргызстандык таксистке кол салуу окуясы боюнча билдирүү таратты

Без рубрики , Кыска кабар | 3 Авг 2023 | 1143 | 0

Учурда социалдык тармакта видеосу тараган кыргызстандык таксистке кол салуу окуясы ушул жылдын 18-июлунда болгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жабыркаган мекендеш элчиликтин дарегине кайрылган эмес. Видеоролик социалдык тармактарда тарагандан баштап, элчилик жабыркаган кыргызстандыктын өздүгүн тастыктоо жана аны издөө иштерин баштаган.

Азыркы учурда элчилик жабыркаган жаран менен байланыш түзүп, ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө. Бул факты боюнча жабыркаган жарандын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында элчилик тараптан тиешелүү иш-чаралары көрүлүп жатат. Ошондой эле, Орусиянын тышкы иштер министрлигинин дарегине Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин атынан расмий нота жөнөтүлдү.

Бул маселе Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин жана Орусиядагы элчиликтин көзөмөлүнө алынды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM