Биз менен байланышыңыз

Түп районунда 14 үйдү сел каптады (сүрөт)

Кыска кабар | 3 Авг 2023 | 567 | 0

Кечээ, 2-августта нөшөрлөп жааган жаандан улам Ысык-Көлдүн Түп районунун Каркыра айыл аймагына караштуу Байзак жана Кең-Суу айылдарын сел каптады.

Байзак айылындагы 10 үйдү кыян каптап, анын ичинен 6 турак үйдүн жертөлөсүнө, ал эми Кең-Суу айылындагы 8 үйдү кыян каптап, анын ичинен 3 үйдүн жертөлөсүнө сел суулары кирген.

Мындан улам селдин кесепеттерин жоюу максатында учурда бир канча техника жана 50 кызматкер иш алып барууда.
Таң эрте жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтарынан комиссия түзүлүп, жабыр тарткан башка турак үй жана айдоо талааларын аныктап чыгып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Ысык-Көл облусунда жумушчу сапарда жүргөн Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев да табигый кырсыктын кесепеттери менен таанышууга жерине барды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM