Биз менен байланышыңыз

Алматы: көп кабаттуу үйдөгү өрткө байланыштуу эки кылмыш иши козголду

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Авг 2023 | 402 | 0

Борбор Азия жаңылыктары кызматы жазгандай, Алматыда бир адамдын өмүрүн алып, 40тан ашык киши жабыркаган көп кабаттуу үйдөгү өрткө байланыштуу эки кылмыш иши козголду. Бул тууралуу шаардык өзгөчө кырдаалдар департаментинин башчысынын милдетин аткаруучу Ерлан Алибеков билдирди.

«Кылмыш иштери өрт коопсуздук эрежелерин бузуу жана бир адамдын өлүмү фактылары боюнча козголду. Шаардык прокуратура мекемелер аралык ыкчам топ түзүп, экспертиза дайындалды. Азыр өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда», – деди Алибеков.

Анын айтымында, өрт чыккан көп кабаттуу үйдүн түтүндөн коргоо системалары жакшы иштеген эмес. Эвакуациялык тепкичтер атайын эшиктер менен жабдылбагандыктан, ал жерге түтүн кирип, жашоочуларды эвакуациялоодо кыйынчылыктар жаралган. Мындан тышкары балкондор менен жогорку кабаттардагы авариялык эшиктер ширетилген же кулпуланган болгон.

«Каза тапкан аял терезеден секирип кеткен. Тургундар терезеден секирип ката кетирген. Балкондо күтүп турса өрт өчүрүүчүлөр куткармак. Куткаруучулар келип, үйдүн чыгыш тарабын өчүрүп жатканда да айрым жашоочулар имараттын түштүк тарабынан секирүүнү улантышкан», – деди Алибеков.

Расмий маалыматтарга ылайык, 1-август күнү кечинде Алматынын Алатау районундагы 16 кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн бир аял каза болуп, 43 киши жаракат алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM