Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан чакан ГЭСтерди куруу үчүн Түркияны инвестор болууга чакырды

Кыска кабар | 3 Авг 2023 | 173 | 0

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар менен жолугушту.

Жолугушууда элчи Руслан Казакбаев Кыргызстандын жаратылыш байлыктарына токтолуп, түрк компанияларынын алтын өндүрүүгө инвестициялары тууралуу сөз кылды. Ал ошондой эле Кумтөр улутташтырылган компаниясы тууралуу маалымат берип, жаратылыш ресурстарын казып алуу тармагында иштеген түрк компанияларын көбүрөөк тартууну кааларын билдирди.

Жолугушуунун негизги темасы Кыргызстан менен Түркиянын Кыргызстандагы чакан жана орто ГЭСтерди курууга инвестиция тартуу жаатында кызматташуусу болду. Элчи Казакбаев Кыргызстандын гидроэнергетика тармагындагы потенциалына кеңири токтолуп, жагымдуу мыйзамдык база бар экенин айткан. Ушуга байланыштуу ал Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн капиталы жана алдыңкы технологиялары менен түрк компанияларын тартуу менен саясий колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Элчи ошондой эле иштеп жаткан «CASA-1000» жана башка энергетикалык долбоорлорго токтолуп, электр энергиясын башка өлкөлөрдүн рынокторуна сатуу мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Ошону менен бирге элчиКыргызстандын тышкы карызын реструктуризациялоо, анын ичинде аны «жашыл экономика»чөйрөсүндөгү долбоорлорго алмашуу (конверсия) механизмин колдонуу боюнча да кеп козгогон. Ал Кыргызстандын бул демилгесин Түркия колдойт деп ишенерин айткан.

Түркиянын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар Кыргызстан менен энергетика тармагындагы кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, энергиянын кайра жаралуучу булактары, атап айтканда, чакан жана орто ГЭСтерди куруу биргелешкен долбоорлор үчүн жакшы негиз боло аларын баса белгиледи. Буга байланыштуу Түркиядан түркиялык ишкер чөйрөлөр арасында жайылтуу үчүн тиешелүү маалымат суралган.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тиешелүү министрликтердин жетекчилеринин Кыргызстан менен Түркияга өз ара иш сапарларын өткөрүү боюнча макулдашууга жетишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM