Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Михайловка – Сары-Телегей жолу асфальтталууда

Кыска кабар | 2 Авг 2023 | 284 | 0

 Ысык-Көл облусунда Михайловка – Николаевка – Токтоян – Сары-Телегей унаа жолуна асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жолду «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы салып, участокто 10 чакты кызматкер жана 13 атайын техника иштеп жатат.

«Быйыл жалпы 81 чакырымды түзгөн Михайловка — Николаевка — Токтоян — Сары-Тологой унаа жолунун 6 чакырым 600 метр жерине 6 см калыңдыктагы асфальт төшөө иштери каралган», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, азыркы учурда 3,5 чакырым жолго асфальт жаткырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM