Биз менен байланышыңыз

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы МРТ аппараты коюлуп жатат

Кыска кабар | 2 Авг 2023 | 143 | 0

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы МРТ аппаратын орнотуу иштери башталды. Аппарат Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «COVID-19га ыкчам чара көрүү» долбоору аркылуу сатылып алынган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жаңы медициналык жабдуу алдыңкы технологиялар менен жабдылган жана бардык курактагы бейтаптарды диагностикалык текшерүүгө мүмкүндүк берет. Учурда медициналык жабдууну орнотуу иштери жүрүп жатат, андан соң тууралоо иштери жүргүзүлөт. Аппаратты ишке киргизүү августтун аягына пландалууда.

1996-жылдан бери иштеп келе жаткан Бишкектеги жалгыз мамлекеттик МРТ аппараты 2022-жылы иштен чыккан. МРТ текшерүүсүнө муктаж бейтаптар жеке медициналык борборлорго кайрылууга аргасыз болуп келет. MРТ диагностикасы балдар жана ымыркайлар үчүн да коопсуз, анткени ал магниттик таасирге негизделген, анын натыйжасында бейтаптар радиациянын төмөн дозасын алышат.

Ошондой эле, быйылкы жылы Улуттук госпиталга дагы бир МРТ аппаратынын келиши жана орнотулушу күтүлүүдө.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM