Биз менен байланышыңыз

УКМК жашыруун улутчул топтун мүчөлөрүн кармады

Кыска кабар | 2 Авг 2023 | 377 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жашыруун улутчул топтун мүчөлөрүн кармады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

УКМК тарабынан Бишкек шаарында жана Чүй облусунда улутчулдардын жашыруун тобу иш жүргүзүп, азиат улутундагы адамдарга карата мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялап жаткандыгы тууралуу маалыматтар алынган.

Белгиленгендей, улутчул топтун мүчөлөрү өздөрүнүн видеолорунда фашисттик символдорду колдонушкан.

Атайын кызматтын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, анын натыйжасында аталган топтун үч мүчөсү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары С.Б.М., Н.Р.В. жана С.Г.Р. экени аныкталып, кармалды.

Тергөө иш-чараларынын алкагында кармалгандардан алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин далилдеген буюмдар алынган.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда жашыруун улутчул топтун башка мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

“Бул адамдардын аракеттеринен жабыр тарткандар болсо УКМКнын ишеним телефонуна (0312 66 04 75) кайрылыңыздар”, — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM