Биз менен байланышыңыз

Токмоктогу жеке мектептин бүтүрүүчүлөрүнө аттестат берилмей болду

Кыска кабар | 2 Авг 2023 | 260 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигине 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча “Ай-КьЮ” окуу-тарбия комплексинин бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттарды берүү боюнча ыкчам чараларды көрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, тиешелүү ыйгарым укуктуу жана укук коргоо органдарына бул иштерге жол берген адамдарды тез арада жоопкерчиликке тартуу боюнча зарыл чараларды көрүү керектиги айтылган.

Ошондой эле мындай көрүнүштөргө жол бербөө максатында Билим берүү тутумунун лицензиялык ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү чечимдердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, мындай чечим КР Конституциясынын 45-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кабыл алынды, анда ар бир жаран билим алууга укуктуу экендиги жазылганы айтылды.

Токмок шаарындагы жеке менчик IQ окуу тарбия комплексинде 2022-2023-окуу жылында 84 бүтүрүүчү аттестат ала электиги буга чейин коомдо кызуу талкууну жараткан. Себеби жеке мектептин сырттан окууга лицензиясы болгон эмес. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирген.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM