Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында Кризистик борбор ачылды

Кыска кабар | 2 Авг 2023 | 178 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында Кризистик борбор ачылды. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.

Кризистик борбордун расмий ачылышы 31-июлда болуп, ага Москва шаарынын жана Москва облусунун кыргыз диаспора уюмдарынын жана аймактык бирикмелеринин жетекчилери жана активисттери катышты.

Эмгек мигранттарынын укуктук маалыматтуулугун жогорулатуу максатында, элчилик тарабынан иш-чарага «Медициналык камсыздандыруу капиталы» ЖЧКсынын, Эмгек талаш-тартыштарын чечүүгө көмөк көрсөтүү борборунун жетекчилери, ошондой эле Москва адвокаттар коллегиясынын жактоочулары чакырылды.

Алар катышуучуларга милдеттүү жана ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу, эмгек талаш-тартыштарын чечүү, эмгекти коргоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана башкалар боюнча маалымат беришти.

Кризистик борбордун иши Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында оор турмуштук кырдаалга туш болгон КР жарандарына-аялдарга колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM