Биз менен байланышыңыз

Москва-Ситиге дагы бир дрондук чабуул жасалды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Авг 2023 | 254 | 0

1-августка караган түнү Орусиянын борбор калаасы Москвага бир нече дрон чабуул кылган, бирок коргонуу түзүмү аларды атып түшүрүүгө жетишкен. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Собянин билдирүү жасады.

Дрондордун бири Москва-Ситидеги бийик имараттардын бирине келип урулган. Натыйжада имараттын 21-кабатындагы фасадка зыян келтирип, 150 чарчы метр жердеги айнектер күбүлүп түшкөн. Дрон чабуулунан жабыр тарткандар жок. Ал эми дагы эки дрон Москванын чет жакасындагы Одинцово жана Нарофоминский райондорунда атып түшүрүлгөн.

Орусиянын коргоо министрлиги бул окуяда Киевди айыптады. Учурда дрондун калдыктары экспертизага жиберилгени айтылды.

Ушундай эле дрондук чабуул 31-июлга караган түнү да Москва-Ситиге жасалып, анда кароолчулардын бири жаракат алган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM