Биз менен байланышыңыз

Миң-Кушта «Туюк-Суу» калдык сактоочу жайын рекультивациялоо башталды

Кыска кабар | 1 Авг 2023 | 194 | 0

Бүгүн, 1-августта, Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында «Туюк-Суу» калдык сактоочу жайын рекультивациялоо иштери башталды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев маалымдады.

Миң-Кушта төрт калдык сактоочу жай бар: «Талды-Булак», «Туюк-Суу», «Как» жана «Дальнее».

Урандын калдыктарын сактоочу жайларды рекультивациялоо иштерин Орусиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте алып барууда.

Адистердин маалыматы боюнча, Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы уран калдыктары сакталган жайлардын ылдыйында жер көчкү жайгашкандыктан, учурда кооптонууну жаратууда. Эгер ал жылып кетсе, Миң-Куш, Көкөмерен жана Нарын дарыяларына кошулган Туюк-Суу дарыясынын кууш өрөөнүн тосуп калат. Радиоактивдүү заттары бар калдык сактоочу жай бузулушу мүмкүн. Бул объектте (Туюк-Суу) жер көчкү жүргөн маалда калдык сактоочу жайды суу каптоо коркунучу менен байланышкан авариялык жана өтө жагымсыз табигый кырдаал түзүлгөн.
Буга чейин ушул жылдын 13-июлунда президент Садыр Жапаров Миң-Куш айылынын жергиликтүү калкы менен жолугуп, радиоактивдүү калдыктарды зыянсыздандыруу, утилге чыгаруу жана жоюу, ташуу учурундагы коопсуздук боюнча тынчсызданууларын уккан.  Жолугушуунун жыйынтыгында Миң-Куш айылынын тургундарынын басымдуу бөлүгү бул объекттерде рекультивация иштеринин башталышына макулдугун билдирген.
Ушуга байланыштуу бүгүн, 1-августта, калдыктарды «Туюк-Суудан» «Дальнее» калдык сактоочу жайына которуу боюнча иштер башталды. Жергиликтүү тургундардын катышуусунда тийиштүү адистер фуранын радиоактивдүүлүгүн өлчөшүп, ал жол берилген радиациялык фондон ашпагандыгын көрсөттү. Андан ашып кетсе, мамлекет башчы буга чейин тургундар менен жолугушууда айткандай, иштер токтотулат.
Радиациялык коопсуздугун камсыздоо үчүн калдыктарды сактоочу жайларды эвакуациялоо жергиликтүү тургундардын кызыкчылыктарын жана пикирлерин эске алуу менен жүргүзүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM